13:52
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Иранда кулаган учакка байланыштуу бүгүн Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган учакка байланыштуу бүгүн Украинада аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
 
Маалыматка караганда, бүгүн мамлекеттик желек түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар болбойт.
 
Украиналык учак бүгүн эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин кырсыктаган. Ирандын Авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заденин айтымында, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү болгон.
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар