17:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстанда 28-декабрь жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Казакстанда 28-декабрь жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги жазды.

Мындай чечимди президент Касым-Жомарт Токаев Алматыга жакын жерде кырсыктаган учакта адамдардын каза болушуна байланыштуу кабыл алды.

Эске салсак, бүгүн «Bek Air» авиакомпаниясына таандык учак Алматы шаарынан Нур-Султанга учуп бара жатып жерге кулап түшкөн. Анда 95 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгону кабарланган. Анда каза болгондордун саны 14ге жеткенин жергиликтүү ЖМК жазып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар