12:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Украинага таандык Boeing учагынын ичинде 7 өлкөнүн жарандары болгон

Иранда кулаган учактын ичинде Ирандын, Канаданын, Германиянын, Улуу Британиянын, Швециянын жана Ооганстандын жарандары болгон. Ал эми экипаж мүчөлөрү -украиндер. Бул тууралуу «Обозреватель» интернет-басылмасы жеке булакка шилтеме берип жазды.
 
Маалыматка караганда, учактын ичинде «13кө жакын» экипаж мүчөлөрү, калгандары жүргүнчүлөр болгон.
 

BBC Украинанын ТИМине шилтеме берип, каза болгон жарандар тууралуу маалымат таратты. Анда Иран — 82, Канада — 63, Германия — 3, Британия — 3, Швеция — 10, Ооганстан — 4 жана Украина — 11 (9 экипаж мүчөсү жана 2 жүргүнчү) жаранынан айрылганы жазылган.

Эске салсак, украиналык Boeing учагы жерге кулап, андагы жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Расмий маалыматка ылайык, учактын кыймылдаткычы күйүп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар