07:26
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Алмазбек Атамбаев партиянын уставын, гербин, мөөрүн кайтарып бериш керек

Экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын уставын, гербин, мөөрүн жана акчасын кайтарып бериш керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында Сагынбек Абдырахманов билдирди.

Белгилей кетсек, Юстиция министрлигинин базасында Сагынбек Абдырахманов КСДПнын жетекчиси катары көрсөтүлдү.

Сагынбек Абдырахмановдун айтымында, Алмазбек Атамбаевге партиянын төрагасы алмашканы тууралуу маалымат жөнөтүлдү.

«Биз Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго КСДПнын жетекчилиги алмашканы, эми банктын которулар жана башка аракеттер Абдырахмановдун гана колу менен жүрөрүн айттык», — дейт Сагынбек Абдырахманов.

Эң көп окулган жаңылыктар