14:46
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чагымчылдык болгон эмес. КСДПнын арызы боюнча кылмыш иши токтотулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук милиция бөлүмү буга чейин Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПнын мүчөлөрү арыз менен кайрылышкан фактыга кылмыш ишин козгоп, эми аны токтотушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Кичинекей бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Анда айыппул катары 30-60 миң сом жана коомдук иштерге иштетүү каралган.

КСДП арыз жазып, белгисиз бирөөлөрдүн партия активисттерин сөгүп жатканы тууралуу видеону тиркеп беришкен. Партия бул кадамдарды аймактар аралык кастыкты козутууга аракет жасоо деп баалашууда.

Милиция бул иштен криминал көрө алышкан жок. Ишти жаап, КСДПнын юристине жазуу түрүндө билдирүү жолдошту.

Эске салсак, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева буга чейин Жалал-Абадда ага жана анын тарапташтарына белгисиз бирөөлөр келип, түштүктөн чыгып кеткиле деп коркутушкан видеосун жарыялаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума