03:50
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Ирина Карамушкинага «Медиа Форум» эмнеге камактан чыгарылбай турганын айтышты

Депутат Ирина Карамушкина Аскердик прокурор Нуркамал Набиевдин кабылдамасынан чыкты.

Депутаттын билдирүүсүндө, көзөмөл органынын башчысынын орун басары ага «Медиа Форум» имараты камактан чыгарылбай турганын, анткени мурунку президенттин иши боюнча тергөө жүруп жатканын айткан.

«Ал жакта КСДПдан башка 8 ижарага алуучулар бар. Алар компания менен бирге чыгашага учурап жатат. Бухгалтериянын иши бузулду», -деди депутат.

Эске салсак, бүгүн Аскердик прокуратурасынын имаратынын жанына КСДПнын мүчөлөрү чогулду. Алар аскердик прокурор Нуркамал Набиев кабыл алсын деп талап кылышкан. 

Эң көп окулган жаңылыктар