19:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Аскер прокуратурасынын имаратынын алдында КСДП партиясынын мүчөлөрү чогулушту

Бишкекте Аскер прокуратурасынын имаратынын алдында КСДП партиясынын мүчөлөрү чогулушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий уюмдун мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

Айтымында, партия мүчөлөрү аскер прокурору Нуркамал Набиевден жана башкалардан «Медия Форум» имаратынан документтерди алуу боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

«Кечээ Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү имараттан компьютер, документтерди алып кетишкен. Бизди иш ордубузга өткөрбөй жатышат. Алар аппаратураларды санкциясы жок эле алып кетишти. Бизге түшүндүрмө берүүнү талап кылабыз», -деди Адил Турдукулов. 

Эске салсак, кечээ Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү КСДП партиясынын документтерин кеңседен алып кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума