21:22
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПнын мүчөлөрү митингге чыгышты

Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПнын мүчөлөрү Адилет министрлигинин имаратынын алдында митингге чыгышты. Алар саясий уюмдун Сагынбек Абдрахмановго кайра катталышына каршы болушууда.

Буга чейин жарыяланган акцияга 20га жакын киши чогулду. Алардын пикиринде Адилет министрлиги мыйзамды бузууда. Сагынбек Абдрахмановду саясий рейдерликке айыптап, министр Марат Жаманкуловдон кызматтан кетүүнү талап кылышты. 

Министрликтин алдына партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана активист Адиль Турдукулов келишти. Эске салсак, Адилет министрлиги КСДПнын юридикалык жактарынын маалыматтык электрондук базасынан партиянын жетекчисинин атын өзгөртүп койгон. Эми базада КСДПнын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн. 

Ведомство бул кадамын аларга саясий уюмдун жетекчиси алмашканы тууралуу билдирүү келген деп түшүндүрүүдө.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев бул ишти мыйзамсыз деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар