15:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

КСДП партиясы бүгүн лидерин туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыкты. Туулган күнүн ал УКМКнын тергөө абагында белгилейт.

Алмазбек Атамбаев 25 жыл бою башкарган КСДП партиясы бүгүн лидерин туулган күнү менен куттуктады.

«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Акыркы убактарда сиздин ысымыңызга канчалык ыпылас, ойго келбеген калп менен жалааны жаап жатышканына карабай, сиз партиялаштарыңыз, баарыбыз үчүн, ошондой эле сиздин өлкөгө, кыргыз элине өтөгөн ак кызматыңызды жакшы билген миңдеген кыргызстандыктар үчүн чыгаан Инсан жана саясатчы катары үлгү болуп кала бересиз. Сиздин «Намыс өмүрдөн кымбат!» деп айткан сөзүңүз биз үчүн дайыма эч кандай кыйынчылыктарга тизе бүктүрбөгөн, акыйкат менен чындыкка умтулткан жана баарыбызды чыйралткан моралдык багыт болуп калууда. Сиз эгемен Кыргызстанды ишенимдүү өнүгүү жолуна алып чыгуу үчүн опол тоодой эмгек жасадыңыз жана аны менен өлкөнүн бүгүнкү жетишкен ийгиликтеринин жана жеңиштеринин бекем пайдубалын түптөдүңүз. Билебиз, алдыда сизди татаал сынактар күтүп турат. Бирок Сиз мындай сынактардын неченин көрүп, алардын баарынан татыктуу өтүп келгенсиз, ошондуктан бул жолу да моюн сунбай, акыйкатты калыбына келтирүүгө күч-кайратыңыз менен эгерим сынбаган бекем эркиңиз толук жетерине ишенебиз жана мындан түк күмөн санабайбыз. Бул оор күндөрдү жеңип чыгууда сизге сабырдуулук жана ден соолук каалайбыз. Өзүңүздүн «Тагдырга моюн сунбайм» деген ырыңызда айткандай, бекем болуңуз, кымбаттуу Алмазбек Шаршенович! Биз чогуу күрөшөбүз», -деп айтылат куттуктоодо.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар