09:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аскердик прокуратурасынын имаратынын жанына КСДПнын мүчөлөрү чогулду

Бүгүн Аскердик прокуратурасынын имаратынын жанына КСДПнын мүчөлөрү чогулду. Алар аскердик прокурор Нуркамал Набиев кабыл алсын деп талап кылышууда. 

Чогулгандарга бүгүн жарандар кабыл алынбайт деп билдиришти. Бирок, Кундуз Жолдубаеванын айтымында, партиянын мүчөлөрү жарандарды Аскердик прокуратуранын жанынан кабыл алышмакчы.

«Биз КСДПнын кеңсесине кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү тууралуу расмий билдирүү калтырганбыз. Азыркыга чейин жооп ала элекпиз. Бизге жообун беришет же биз элди Аскердик прокуратуранын жанынан кабыл ала беребиз», -деди Кундуз Жолдубаева.

Аскердик прокурордун кабылдамасына депутат Ирина Карамушкина кирип кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар