06:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КСДПнын кайра каттоодон өткөрүү боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Юстиция министрлигинин базасында жетекчилигин өзгөртүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин арызынын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен тергөө жүрүүдө.

Белгилей кетсек, арыз Юстиция министрлигине карата жазылган. Министрдин орун басары Башкы прокуратурага сурак үчүн чакырылды.

Эске салсак, Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык жактарынын электрондук маалыматтарын өзгөрткөн. Эми базада КСДПнын жетекчиси деп Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар