Кыргызстанда 20-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
20-21-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт.
23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарыныны кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 20-21-марттарда жана 23-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.