02:37
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Кичинекей Самир топтогон 15 миң сом акчасын дарыгерлерге берет

Бишкек шаарынын кичинекей тургуну Самир коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоо иретинде өзү чогулткан 15 миң сомун берди. Бул тууралуу алып баруучу Ассоль Молдокматова маалымдады.

Анын айтымында, Самир ал акчаны PlayStation 5 оюнуна катышуу үчүн чогултуп жаткан.

“Мен коронавирус илдетинен жабыркап жаткан адамдарга акчамды берем. Акча кычкылтек жаздыкчаларын, маска жана антисептик сатып алууга жумшалат. Азыр калаада өтө коркунучтуу эпидемия жүрүп жатат, аралыкты сактап, абайлаш керек”, - дейт Самир.

Эң көп окулган жаңылыктар