21:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаш бала чогулткан 4 миң 440 сомун коронавируска каршы күрөшүү үчүн берди

Социалдык тармактарда кичинекей бала телефон алам деп топтогон акчасын коронавируска каршы күрөшүү үчүн берип жаткандыгы тууралуу видео тараган.

«Instagramдан Рамина аттуу кыз самокат алам деген акчасын бергенин уктум. Мен дагы акчамды муктаждарга берүүнү чечтим», — дейт жаш ыктыярчы.

Ал белгилегендей, топтогон акчасы 4 миң 440 сомду түзөт.

Активисттер коомчулукка көңүл кош карабаган балага ыраазычылык билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар