04:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кичинекей кыз печенье жасап сатып, андан түшкөн акчаны бейтаптарга берерин айтты

Бишкектеги Эркиндик бульварында кичинекей кыз коронавирус илдетине чалдыккандарга жардам берүү иретинде печенье жасап сатууда. Андан түшкөн акчаны толугу менен коронавируска каршы күрөшүүгө жумшайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандардын бири маалымдады.     

                    

Анын айтымында, борбор калаанын кичинекей тургуну печеньелерди өз колу менен бышырып сатат. Бир идиши болгону 90 сом. 

“Ал Эркиндик бульварында Москва көчөсүнөн бир аз жогору чыкканда эле турат. Кимде-ким печеньенеден ооз тийгизи келсе же жөн гана акча калтырууну каалагандар болсо келиниздер”, - дейт окурман.

Эң көп окулган жаңылыктар