Сокулукта бир нече ай мурда өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Алардын маалыматында, райондун эки тургуну адам өлтүрүу шеги менен кармалды.
11-февраль күнү үйдүн жер төлөсүнөн адамдын сөөгүн табышкан. Анын денеси чирип, келемиштер жеген. Ал 42 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну экендиги аныкталды.