16:14
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кубанычбек Кулматов эки мектептин ордуна бирди гана курган

Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов эки мектептин ордуна бирди гана курган. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. 

Айтымында, 128 миллион сом өлчөмүндө берилген гранттык каражатты Билим берүү министрлиги 2 мектеп курууга даярдаган. Алардын бири Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кыргызстан айылына, экинчиси Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Беловодск айылына курулмак.

«Бирок, Кубанычбек Кулматовдун аралашуусу менен гранттык каражат Бишкектеги бир мектептин курулушуна багытталган. Аталган окуу жайдын курулушунун жүрушүндө республикалык бюджеттен кошумча 104 миллион сом алынган. Жыйынтыгында аталган мектептин курулуш иштерине 230 миллион сом ашык корогон», -деди Дамир Сагынбаев.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши боюнча мамлекетке келтирилген чыгым 94 миллион 884 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар