2018-жылы атамекендик спортчулар ар кыл ири эл аралык спорттук иш-чараларда 499 медалды жеңип алган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында айтылды.
«2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын жана спорттук стипендияларды жогорулатуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде бардык эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушун баштоо жөнүндө чечим биздин спорттун келечектүү өсүүсүн өбөлгөлөйт деп ишенебиз», — деди жыйынга катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.
Вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2019-жылы төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл:
— 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу;
— Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шаарлар» долбоорун ишке ашыруу;
— «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө которуу;
— спорттун массалык түрлөрүн, анын ичинде футбол жана башкаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу.