06:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Альянс Курулуш» курулуш компаниясынын үлүш ээлери митингге чыгышты

Ак үйдүн имаратынын алдында «Альянс Курулуш» курулуш компаниясынын үлүш ээлери митингге чыгышты. Нааразы тарап өкмөттөн уруксат документтерин алууну жана компаниянын объектилеринин камакка алынышын жокко чыгарууну суранышты. 

Үлүш ээлеринин бири Чынара Орозбаева курулуштун үлүшүнө миллион сомдон ашык каражат короткон. Борбор калаадан батир алуу үчүн, ал Оштогу кыймылсыз мүлкүн саткан.

««Арча-Бешик» жаңы конушунда батирдин чарчы метри 350 доллардан болчу. Курулуш алгач тез башталган. Объект былтыр августта пайдаланууга берилмек. Бирок, майда курулуш иштери токтоп калды. Нааразы болгон эл компаниянын башкы директору Максим Альяновго арыз жазышты. Аны соттошту, бирок батирди алган жокпуз», -деди ал. 

Митингге чыккандар курулушту өздөрү бүтүрөөрүн айтышууда, бирок азырынча объект камакта.

Эске салсак, былтыр августта аталган курулуш компаниянын башкы директоруна «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылып, Бишкектеги тергөө абагына киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума