10:29
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кытайлык экспансияга каршы митинг. Аманбол Бабакуловго 3 миң сом айып салынды

Кытайлык экспансияга каршы митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакуловго 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу активист 24.kg агенттигине билдирди.

Айтымында, милиция ага «тынчтык митингин өткөрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча айып таккан.

«Мен айыппулга макул болбой, сотко арыздангам. 31-январда арызды Биринчи Май райондук соту карайт», -деди ал.

Эске салсак, 17-январда кытайлык экспансияга каршы митинг өткөн. Нааразы тарап этникалык кыргыздардан башкаларга кыргызстандын жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү талап кылышкан. Ошондой эле, мамлекеттик комиссия түзүп, кытайлык үлүштөрү бар завод, фабрикаларды текшерүүнү талап кылышкан. Мындан сырткары өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн КЭРдин жарандарын депортация кылуу айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума