11:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Активист Аманбол Бабакуловду Биринчи Май РИИБга сурак берүүгө чакырышты

Активист Аманбол Бабакуловду Биринчи Май РИИБга сурак берүүгө чакырышты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. 

Айтымында, ага сурак үчүн повестка келген. Активист РИИБнын имаратына саат 17:00гө келүүнү пландоодо.

Маалыматка ылайык, милиция аны 17-январдагы кытай экспансиясына каршы өткөрүлгөн митинг боюнча суракка алат.

Эске салсак, 17-январда Ала-Тоо аянтында митинг өткөн. Нааразы тарап этникалык кыргыздардан башкаларга кыргызстандын жарандыгын берүүгө мораторий киргизүүнү талап кылышкан. Ошондой эле, мамлекеттик комиссия түзүп, кытайлык үлүштөрү бар завод, фабрикаларды текшерүүнү, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн КЭРдин жарандарын депортация кылууну талап кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар