20:01
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Тай боксу боюнча дүйнө чемпионаты Айбике Исаева тууралуу

Бишкектик Айбике Исаева бала кезден бери алдына чоң максат коюп, эч кандай кыйынчылыгы жок эле жетип келет. Ал жогорку билимдүү, анын жакшы көргөн иши жана спорттук карьерасы бар. Аны бир көргөн киши тай боксу менен машыгат деп такыр ойлобошу мүмкүн. Былтыр Айбике дүйнө чемпионаты болгон, азыр жаңы сезонго даярдык көрүүдө. 

Ал спорттогу ийгиликтери тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

Биздин каарман 1999-жылы туулган. 13 жашында ITF таэквондо менен машыга баштаган. 3 жылдан кийин кара курдун ээси аталат. Андан кийин муай-тайга өткөн.

— Күрөш айымдар үчүн эмес дешет?

— Менин ата-энем дагы бул кепке кошулушат. Таэквондо менен машыгып жүргөндө дагы мени «болочоктогу энесиң, мунун эмнеге керек» дешкен. Алардын пикиринде күрөш ден соолукка зыян берет. Менин беттештеримди көрүп, жүрөктөрүн кармап калышчу. Бүгүн дагы спортту таштап салсам алар өтө кубанышмак. Бирок, колдоо көрсөтүп, «жакса машыга бер» деп калышты. 

— Спортко болгон сүйүү кайдан келди?

— Балким ген аркылуу келгендир. Апам теннис менен машыкчу, атам каратэ жана айкидо менен машыкты. Чоң апам жеңил атлетика менен машыкса, чоң атам волейбол ойноптур. Кичине кезден эле дене тарбия сабагынан 5ке окудум. Секцияга эч ким алып келген жок, өзүм келдим.

Таэквондодон тай боксуна өтүп кетем деп деле пландаган эмесмин. Кыргызстандык Александр Вавиловдун интернеттеги мушташын көргөндөн кийин оюм өзгөрдү. Кулактандыруу боюнча залдарды издедим, акырында Вавилов машыккан залга туш болдум. Машыктыруучу Сыргак Айталиев менин потенциалымды көрүп, колго алды. Тай боксунун техникаларын үйрөттү. Бул спорттун түрү динамикасы менен жагат. 

Муай-тайга 2015-жылдын августунда келдим. Бир жылдан кийин мартта дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алдым. Көпчүлүгү кыска убакытта жетишкен жеңишиме таң калышты. Буга таэквондодогу базам жардам берди.

— Сизди сыртынан көргөн киши тынчтыкты сүйгөн бири деп ойлошу мүмкүн. Тай боксу менен машыгат деп эч ким ойлобойт.

— Баары ушундай ойдо. Рингде деле агрессиямды көргөзбөйм. Кооз жана адилеттүү жеңишке жетүүнү каалайм.

— Рингден сырткары согушуп көрдүңүз беле?

— Бактыга жараша жок. Мурда тааныштар массалык согуштарга кээде чакырып калышчу. Мен бул үчүн машыкпайм. Согуштук искусствону зомбулук үчүн колдонбош керек. 

— Беттеш маалында жаракат алдыңыз беле?

— Бир жолу беттеш маалында мурдум сынып, шишип кеткен. Дагы бир жолу утам деп өзүмдү таштап коюп, 2 жолу муштум жегем. Көзүмдө гематома пайда болгон.

— Кайда билим алгансыз?

— Малайзияда бюджеттик негизди окудум. Өз күчүм менен тапшыргам.

Эң көп окулган жаңылыктар