00:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

УКМКнын тергөөчүлөрү Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу ишти создуктурууда дешти

УКМКнын тергөөчүлөрү Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесаревду иштин материалдары менен таанышуу процессин атайлап создуктуруп жатканы үчүн айыпташты. Бул туурлауу 24.kg агенттигине юрист билдирди. 

Сергей Слесаревдун айтымында, Кубанычбек Кулматовдун ишинде 19 том бар, ал эми аны изилдеп чыгуу мөөнөтү 31-январда аяктайт.

«Бирок, УКМК туура эмес график түзүп койгон. Мен физикалык жактан жетишпей жатам. Ал эми тергөөчү создуктуруп жатасың дейт. УКМКнын өкүлүнүн пикиринде, мен атайлап белгиленген күнү келип материал менен таанышпай жатыптырмын. Менин кардарымдын башка иштери менен жүргөндүктөн келген жокмун», -деди жактоочу.

Кошумчалай кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума