17:30
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алмазбек Атамбаев коомдук ишмерлердин жана партиялардын курултайына катышпайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коомдук ишмерлердин жана партиялардын курултайына катышпайт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Кечээ, Алмазбек Атамбаевге курултайга чакыруу кагазы келген, аны мага тапшырышкан. Экс-президент аталган жыйынга катышпайт», -деди ал.

Эске салсак, курултайдын уюштуруучулары мурунку президентти жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду чакырышкан. Иш-чарага партиялардын 97 өкүлү жана 20дан ашуун коомдук уюмдар чакырылган. Катышуучулар Сооронбай Жээнбековдун президенттик башкаруусундагы артта калган бир жылдын жыйынтыгын талкууга алышмакчы. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаттардын ишмердүүлүгү, саясий жана коомдук окуялар тууралуу кеп болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума