11:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Токио шаарында ош самсысы жана тандыр нандар сатыла баштады

Жапониянын Токио шаарында AEON Mall Kasukabe ири соода түйүндөрүнүн биринде ош самсысы жана тандыр нандар сатыла баштады.

Нанды 30 жаштагы кыргызстандык Шерзодбек Сатвалдиев жасайт. Өз мекениндеги тамак-ашты сагынгандыктан улам, ал нан жасап чакан бизнести баштаган.

Шерзодбек 24.kg агенттигине Жапониядагы иши тууралуу айтып берди. 

— Шерзодбек, Жапониядан самсы жасап сатууга эмне түрткү болду?

— Жапонияга 8 жыл мурун келгенде жергиликтүү тамак-ашка көнүп кетүү мен үчүн оор болду. Дароо салмак таштап, өзүбүздүн самсы жана лепешканын жытын сагынып жүрдүм. Мындан улам, тандыр жасоону колго алдым. Алгач 6 лепешка жасаганга ылайык чакан тандыр жасадым. Биринчисин үй-бүлөм менен жасап жеп жүрдүк. Кийинкисин досторум үчүн жасадым. Аларга жагып калгандыктан тапшырык бере башташты. Ошентип, чакан бизнес баштап калдым.

Мен 3 муун өткөн наабайчымын. Бала чагымда эле чоң атам менен атама жардам берип жүрүп нан жапканды үйрөнүп алгам.

— Сиздердин жасаган самсынын даамы биздин оштогу самсыларга окшошпу? Керектүү азыктарды кайдан табасыздар?

— Даамы боюнча эч кандай айырма жок. Мен өзүм Оштон болгондуктан, жергиликтүү тамактын даамын жакшы билемин. Этти адал дүйкөндөрдөн сатып алам, ал эми аны даярдоодо эң негизги кошулма бул- чын дилден берилип жасоо. Тамак-ашты даярдап жатканда бүт дитим менен берилип жасайм.

— Сиз жасаган самсыларды биздин мекендештер гана сатып алышабы?

—Алгач Фейсбук аркылуу сатып баштаганбыз. Самсы тууралуу кулактандырууну өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырып койчубуз. КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү келишчү, айрыкча өзбек ашканасын билгендер кайрылчу. Кийин жергиликтүү калктан суроо-талап түштү.

Азыр кардарлардын 60 пайызы жапондор. Алар самсы аркылуу Кыргызстан тууралуу маалыматка ээ болушту деп сыймыктануу менен айтсам болот.

-Токиодо ишкерлик менен алектенүү кыйынбы?

— Жапонияда жеке ишкерлик менен алектенүү кыйын, текшерүү системасынан толугу менен өтүү керек. Учурда бизге керектүү баардык сертификаттар бар.

— Жапон ашканасы жагабы?

— Бул жактын тамагы тез сиңимдүү, жеңил, даамдуу жана пайдалуу. Эң башкысы майлуу эмес.

— Сиздин жубайыңыз жапон кызы. Анын жүрөгүн кантип багындырдыңыз?

-Биз алгач 2008-жылы кыргыз-өзбек чек арасынан таанышканбыз. Каори Орто Азияны саякаттап жүрүптүр. Мен ал кезде университетте окучумун, сабактан кийин такси кызматында иштеп жүрдүм. Ал менин унаама отуруп калып, англисче баарлаштык. Ошентип ага Ош облусун кыдыртууну чечтим. Кийин ал кеткенде интернет аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Бир жулдан соң Каори Кыргызстанга дос кызы менен келди. Чогуу Сары-Челекке бардык, ал жактан жактыруу сезимимди билдирип, 2009-жылы Жапонияга барып колун сурагам. Бир жылдан кийин ал жакта үйлөнүп, кийин Ошто үйлөнүү үлпөтүн жасадык. 

— Маданият жана менталитеттин айырмачылыгынан улам ортодо кыйынчылыктар болдубу?

— Алгач экөөбүзгө тең кыйын болду. Бирок, биринчи тун наристебиз төрөлгөндө баары өз жолуна түштү. Азыр 3 баланы тарбиялап жатабыз. Жапонияга келгенде тилден кыйналгам, бир жыл аралыгында өз алдымча жапон тилин өздөштүрдүм. 

— Жапонияда мекендештер менен жолугуп турасыздарбы?

— Ооба, тез-тезден жолугабыз. Ноорузда, Эгемендүүлүк күнүндө жана диний майрамдарда кезигишебиз.

Эң көп окулган жаңылыктар