15:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент Японияга барып, Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга барып, өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу Япониянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

«Президенттин сапары Япония менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерин чыңдоого өбөлгө болот деп ишенебиз», — деп белгиленет мекеменин билдирүүсүндө.

Япония акыркы мезгилде Борбор Азия өлкөлөрү — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айынын башында Япониянын борборунда чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бийлик жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда Борбор азиялык инвестициялык форум (Central Asia Investment Forum 2022) өткөн.

Ошондой эле расмий Токио 2024-жылы Борбор Азия — Япония форматында саммит өткөрүү демилгесин көтөргөнү белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар