04:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Даниядан Кыргызстанга. Мия Хансендин Кыргызстандан кетүү ниети жок

Даниялык Мия Хансендин кесиби политолог. Ал Борбор Азияга алгач жумушу боюнча келип, кийин бул жакта калууну чечти. Кыргызстанга чейин Мия Казакстан жана Тажикстанда жашаган.

Кыргыз өлкөсү менен таанышуу биринчи Нарын облусунан башталганын айтат. Андан кийин 2 жолу Ошто, Ысык-Көлдө болду. Бишкекте жүргөнүнө 2 гана ай толду.

— Бишкекте сизди таң калтырган нерселер болдубу?

-Бишкекте жашоо кызыктуу жана оңой. Анча чоң эмес болсо да, чакан, бири-бирин тааныган шаар. Алгач мында келгенде «Салам, көптөн бери көрүшө элекпиз» деген элдин кебин угуп таң калгам. Мегаполисте мындай кездешүүлөр чанда гана болот.

Бул жакта эл бири-бирине жылмайып, жеке суроолорду да бере беришет. Алар сени көргөнүнө кубанычта болуп, жардам бергенге да даяр.

Чынын айтсам шаардын борбору анча жага бербейт, мен ызы-чууга караганда тынч жерди тандайм. Терезеден тоолордун көрүнүп турганын жактырам. 

Нарында тоолор курчап, абасы таза экен! «Нарында эмне таң калтырды?» деп сураңызчы, «троллейбус» деп жооп берейин. Болгону бирөө гана! Шаарда болгону жалгыз троллейбус расписаниеси жок жүрөт. Мен алгач көргөн көзүмө ишенген эмесмин. Албетте, Нарынга караганда Бишкекте жашаган кызыктуурак, анткени мында интернет, көп кафе, шарттар бар.

Бирок, мунун баары тез эле тажатып жиберет. Ал эми Нарын облусунун жаратылышы, тоолору эч качан тажатпайт.

-Бишкек менен сиздин туулуп өскөн шаарыңыздын окшоштуктары бар бекен?

-Так айтуу кыйын, анткени мында келгениме аз убакыт болду. Бирок, Бишкек жана Кыргызстан менин мекениме окшошпойт. Бул жакта өз жеримдегидей деңиз жетишпейт. Албетте, сиздерде Ысык-Көл бар, бирок деңиз жана океандарды көрүп жүргөн жаным мага көл абдан кичинекей сезилет. Андан башка балык азыктарын сагындым. Бул жакта балык этинен башка эттер бар. Ысык-Көлгө барганда гана форель жедим.

-Улуттук тамак-аштан кайсы тамакты жактырдыңыз?

-Лагманды жакшы көрөм. Палоо жана курутту да жактырып жейм. Нарында жүргөндө кымыздын даамын татып көрдүм, абдан жакты.

— Бишкекте сиз убакыт өткөргөндү жакшы көргөн жайыңыз барбы?

— Эркиндик Бульварында сейилдегенди жактырам. Айрыкча жайында жана жазында.

— Жергиликтүү эл менен таанышкандан кийин сизди таасирленткен окуялар болдубу?

— Кыргызстан чакан мамлекет. Биринчи жолу Нарынга келгенимде меймандостук мамилеси абдан таң калтырган. Кайда гана барба сени дасторконго отургузуп, курсагыңды тойгузат.

— Кайра өз мекениңизге кайтып барасызбы?

— Жок, бул жакта жашагым келет. Үй-бүлөм менин тандоомо макулдугун берди.

— Сизди капаланткан көрүнуштөр бар бекен?

— Жемкорлук. Ошентсе да бийлик күрөшүп жатканын билем. Эгерде менден Кыргызстан тууралуу бир сөз менен айтып бер десе, «Кыргызстан- азамат» демекчимин. Чынында эле эркин арал.

Эң көп окулган жаңылыктар