23:22
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Поляктык Жан Скотт кыргызстандыктардын тууганчылык мамилесине таң калып бүтпөйт

Поляктык Жан Скотт Кыргызстанга биринчи жолу 2016-жылы келген. Ага кыргыз колорити абдан жагып калгандыктан, бир жылдан кийин кайра келүүнү чечкен. Анын жакынкы аралыкта мындан кете турган ою жок. 

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, Кыргызстанга эмне себептен келдиңиз?

— Мен Польшада төрөлгөм, бирок, бул күнгө чейинки жашоомдун көп бөлүгүн АКШда өткөрдүм.

Менин Кыргызстанга келип калышым бул кокустан эле болду. Мектепти ийгиликтүү аяктагам, бирок университеттик програмам ишке ашпай калып, Бишкекке 2016-жылы жайында окууга келгем. Кийин 1 жылдан соң кайтып келип, көпкө калууну чечтим. Анткени Борбордук Азиянын тарыхы мени кызыктырып туруп алды. Азыркы тапта эл аралык мектепте мугалим болуп иштейм. 

-Бишкекте сизди таң калтырган нерселер барбы?

— Мен бул шаарды өтө жакшы билгендей сезимдерим бар, бул абдан таң калычтуу. Бирок, буга чейин Бишкекте бир дагы жолу болгон эмесмин. Бул да болсо Польша менен Кыргызстандын заманбап тарыхы кичине окшоштугунан улам болсо керек деп ойлойм. Мен Кыргызстанда жашагандардын тууганчылык мамилелерине таң калам, аларда алыскы тууган деген түшүнүк жок. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөсү сыяктуу. Үйлөнүү тойлордогу меймандардын санына кеп жок!

 Кыргызстандын кайсы аймактарын кыдырганга жетиштиңиз?

— Мен чын ыкласым менен көп аймактарды кыдырдым. Жалал-Абад менен Баткен аймагында гана болгон жокмун. Убактымдын көбү Бишкекте өтөт.

— Бишкек менен сиздин туулуп өскөн шаарыңыздын окшоштуктары барбы?

— Мен жашыл шаар Варшавада туулгам. Бишкек дагы жашыл шаар!

— Бишкекте сизге эмне жетишпейт?

— Мен АКШда чоңойдум. Мындан улам америкалыктардын тамак-ашын сагынам.

— Бишкекте сиз жактырган жай барбы?

— Ататүрк атындагы эс алуу жайы жагат. Өткөн жылы күн сайын ал жакта сейилдедим.

-Улуттук тамак-аштан кайсы тамактарды жакшы көрөсүз?

— Мен палоонун күйөрманымын. Жумасына 3 жолу жеп турам. Самсадан өткөн даамдуу тамак жок. Айрыкча 3 даана самса эртең мененки тамактануу үчүн эң жакшы.

— Кайсы тамакты жегенден корксуз?

— Чынын айтсам, баарынан ооз тийдим. Мен Кыргызстанга келе электе вегетариан болчумун, кийин койлордун мээсин жеп баштадым. Чынын айтсам мага чалап жага бербейт.

Эң көп окулган жаңылыктар