07:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Өзүн политологмун деп тааныштырган Айбек Айылчиевдин иши Биринчи Май райондук сотуна өттү.

Маалыматка караганда, сотту судья Мирлан Термечиков жетектөөдө. Соттолуучу күнөөнү мойнуна алган жок, айтымында өзү алдамчылыктын курмандыгына айланган.

Жабырлануучулардын кызыкчылыгын көздөгөн юрист Бактыбек Жумашев 24.kg агенттигине маалымдагандай, шектүү жабырлануучулардын ишеничине кирип, дунган жаштар ассоциациясын курабыз деп 116 миң доллар өндүрүп алган. Айтымында, ал банктык чекти көргөзүп, эсеп ачуу үчүн кошумча акча төлөш керектигин билдирген. Жаштар аталган сумманы бергенден кийин ал изин жашырып качып кеткен.

Алданып калган жарандар милицияга кайрылышкан. Натыйжада шектүүнү колго түшүрүштү. Бирок, ал аны каралап жаткандарды тааныбайм деп күнөөнү мойнуна алган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума