Кыргызстандык спортчулар дзю-до боюнча эл аралык мелдеште 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу ippon.org сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 81 килограмм салмак ченинде Владимир Золоев коло медаль тагынды. Ал эми 100 килограммдан жогорку салмак ченинде Юрий Краковецкий 3-орунду алды.
Мелдеш 9-11-ноябрь күндөрү Ташкентте өттү. Кыргызстандын атынан 11 спортчу катышты. Жалпысынан 47 өлкөдөн 350 спортчу ат салышты.