Армения премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Өкмөт башчынын кызматтан кетиши өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо процедурасын баштоого жол ачты.
Никол Пашинян отставкага кетүү ниети тууралуу Ереванда өткөн митинг учурунда билдирген. Анда өлкөнүн Улуттук жыйыны депутаттарды таркатуу жолдорун катаалдаткан өзгөртүүлөрдү кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, эгер жакынкы эки аптанын ичинде парламентарийлер эки жолу премьер-министрди шайлай албаса, анда Улуттук жыйын таркап, мөөнөтсүз шайлоо жарыяланат. Бул план боюнча өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо декабрда өтөт. Сентябрдын аягында премьер-министр Никол Пашиняндын «Менин кадамым» блогу Ереван шаардык кеңешин шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетип, андагы 65 орундун 57сине ээ болгон.
Никол Пашинян Армения өкмөтүн быйыл 8-майдан тарта жетектеп келген.