18:44
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жактоочу: Эмне себептен Сапар Исаковдун мүлкүн баалоого санкция жарыяланды?

Сапар Исаковдун туугандарынын батирин текшерүү тууралуу соттун чечими Бишкек шаардык сотуна даттанылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку премьер-министрдин орун басары Нурбек Токтакунов билдирди.

Маалыматка караганда, жактоочу буга чейин Биринчи Май райондук соту Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекованын ата-энесинин кыймылсыз мүлкүн текшерүүгө уруксат бергенин айткан.

«УКМК Сапар Исаковдун мүлкүн конфискация кылбайбыз деп айтты. Анда эмнеге сот кыймылсыз мүлктү текшерүүгө алып, аны баалоого санкция жарыялап жатат? Биз бул боюнча арыз бердик», -деди Нурбек Токтакунов.

Буга чейин жактоочу Сапар Исаковдун мүлкү камакка алыныш мүмкүн деп билдирген. Бирок, УКМК бул маалыматты четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар