04:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сапар Исаковдун жубайы жолдошун Райым Матраимовдун айынан соттошту деп эсептейт

Райым Матраимовдун төрага Дастан Жумабеков баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттарынын дээрлик жарымы жана биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун курчоосунда түшкөн сүрөтү калыстыкка болгон акыркы үмүттү өлтүрдү. Бул тууралуу камакта жаткан мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова билдирди.

Анын айтымында, кечээ интернетке жарыяланган сүрөттөн кийин элдин баары жемкорлук менен күрөшүп жаткандардын чыныгы жүзүн көрүштү.

«Мен жолдошумду ЖЭБ үчүн эмес, президенттин «жакшы көргөн адамына» каршы чыгып, бажыны Райым Матраимовдон тазалоого аракет кылганы үчүн соттоп жатышканын мурда эле аңдагам. Сапар инаугурацияга бир күн калганда Сооронбай Шарипович ага бир нече жолу чалып, Райым Матраимовго тийишпөөнү суранганын кийин айткан. Бирок, жолдошум сөзүн укпай коюп, эми ал үчүн балдарын, апасын, туугандары менен досторун көрбөй калуу менен төлөп жатат. Арадан дээрлик бир жыл өтсө да тергөө, сот да анын күнөөсүнө бир далил таба алган жок. Тескерисинче, биздин үй-бүлөнүн акчасы да, байлыгы да жок экенине ишеништи. Ошон үчүн үмүт бар болчу», -дейт мурунку өкмөт башчынын жубайы.

«Кечээ төрага, биринчи вице-премьер, депутаттардын жоон тобу Матраимовдун иш-чарасына барышты. Алар бул кадамдары президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан колдоо табаарына ишенишпесе, ал жакка барууга даашат беле? Даай алышмак эмес. Бирок кечээ элдин баары жемкорлук менен күрөшүп жаткандардын чыныгы жүзүн көрүштү. Бир жылдан бери элдин башын айлантып, өздөрү болсо, андан чоң жемкорлукка жол берип отурушат. Сооронбай Шариповичтин Райым Матраимовдун хан сарайларынын, ишканаларынын жана башка байлыктарынын келип чыгуусун изилдөөнү төрт ай мурун убада кылган. Бирок, азыркыга чейин бир да маалымат беришкен жок. Менин таанышым тамашалагандай: «Эми Сооронбай Жээнбековдун Матраимовду Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси кылып дайындоосу гана калды», -деп кошумчалаган ал.

Сөзүнүн акырында ал күрөштү уланта тургандыгын, жолдошу, балдары жана үй-бүлөсү үчүн акырына чейин турарын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар