15:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан өкмөт мүчөлүгүнө дайындалган өкмѳттүн аппарат жетекчиси Шамилбек Асымбеков, Юстиция министри Марат Жаманкулов, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы Эмил Осмонбетов ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊы өкмөт мүчөлөрүн салтанаттуу ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

 

Эң көп окулган жаңылыктар