15:22
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан дайындалган беш өкмөт мүчөсү ант беришти

Жогорку Кеӊеште экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр Самат Кылжыев, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев, улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктоо менен бирге, аларга чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салып, аларды мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар