15:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеӊеште жаӊы министрлер ант беришти

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан каржы министрине дайындалган Бактыгүл Жээнбекова менен транспорт жана жол министрине дайындалган Жанат Бейшенов ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Бактыгүл Жээнбеков менен Жанат Бейшеновду ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар