04:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түркия кыргызстандык мигранттардын пенсиялык салымдарын өз мекенине которот

Түркия кыргызстандык мигранттардын пенсиялык салымдарын өз мекенине которот. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин отурумунда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Айтымында, Түркияда расмий түрдө 14 миң кыргызстандык эмгектенет. Ал эми Кыргызстанда 5 миң 400 түркиялык иштейт.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда ушул жылдын 9-апрелинде Анкарада социалдык камсыздоо тууралуу макулдашууга кол коюлган. Документке ылайык, өлкөлөр мигранттардын эмгек стажын таанып, ким аталган аймакта расмий түрдө иштеген болсо аларга пенсиялык салымдар төлөнүп берилет.

«Эгерде Кыргызстандын жараны Туркияда 15 жыл иштеген болсо, ал пенсия курагына келгенде пенсия ала баштайт. Түркия анын пенсиясын Кыргызстанга которот. Ошондой эле, ал жаран бул жактан дагы стажына жараша пенсия алууга талапкер боло алат», -деди Медер Ирсалиев.

Анын берген маалыматына караганда, Түркияда орточо пенсия 350 долларды түзөт. Пенсиялык фондго тапкан айлыгынын 23 пайызы которулат. Эркекте 60, аялдар 58 жаштан баштап пенсияга чыгышат.

«Бул жакта иштеген Түркиянын жарандары дагы пенсияга чыга алышат. Болжолдуу эсеп боюнча, Кыргызстан Түркияга жылына 10 миллион сом которуп турмакчы», -деди Медер Ирсалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар