19:40
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек мэри шаар тургундарын жеке кабыл алууда. Андан жардам сурагандар көп

Бүгүн Бишкек мэри шаар тургундарын жеке кабыл алууда. Барак үйдүн жарымын мыйзамсыз түрттүрүп, анын ордуна өндүрүш аймагын куруу боюнча ишти карап берүүнү суранып, Ибраимов көчөсүндөгү № 249 үйдүн жашоочусу Лина Шкуратова келген.

Анын айтымында, 6 корпустан турган үй мурда тамеки фабрикасына тийиштүү болгон. Ишкана менчикке чыгарылгандан кийин жашоочулар электр жарыгы жана жылуулуксуз калышкан. Акырындык менен тургундардын короосун бузушуп, жашоочулар сарайлары жок калышкан.

Свердлов районунун акими Самарбек Болотбековдун айтымында, аталган үйдүн кожоюнунун тийешелүү баардык документтери бар.

«Лина Шкуратованын арызы боюнча комиссия жерине барып келген. Ортодо жалпы там бөлүп турат. Учурда аталган жайда курулуш баштала элек. Кожоюн азырынча ал жакка эмне курула турганын аныктай элек», — деди аким.

Азиз Суракматов кожоюн ортодо орток там тургандыктан эмне себептен башка үй ээлеринен уруксаат сурабагандыгына кызыкты.

«Эртеби-кечпи иликтөө керек. Учурунда чаралар көрүлсө тургундар мэрге кайрылбайт эле», —Азиз Суракматов.

Эң көп окулган жаңылыктар