11:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Азиз Суракматов мэриянын кирешелер башкармалыгын жоюуну сунуштады

Азиз Суракматов мэриянын кирешелер башкармалыгын жоюуну сунуштады. Бул тууралуу ал аталган башкармалыктын жетекчиси Сатарбек Жайчибековдун коллегияда берген отчетунан кийин айтып чыкты.
 
«Силердин кызмат кереги жок деп эсептейм. Отчетуңузду уккандан кийин текшерүү жүргүзгөн башка башкармалык жана түзүмдөрдүн ишин кайталап жатканыңарды билдик. Эффективдүү иштебейт экенсиздер», -деди мэр.
 
Айтымында, аталган кызматтын ишмердүүлүгүнө бюджеттен көп акча каралат. 3 миллиард сомго жакын каражат коротулат.
Эң көп окулган жаңылыктар