10:30
USD 68.81
EUR 80.45
RUB 1.04

Ниети бар, бирок убактысы тар. Азиз Суракматовдун социалдык түйүндө аккаунту жок

Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун социалдык түйүндөрдө өзүнүн аккаунту жок. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы убактарда ар кандай социалдык түйүндөрдө шаардын мэринин атынан чыккан аккаунттар пайда болууда. Басма сөз кызматы расмий түрдө билдирет: Азиз Суракматовдун өздүк баракчасы жок.

Мэр Азиз Суракматов өзү 24.kg агенттигине билдиргендей, социалдык түйүнгө катталууга ниети бар, бирок убактысы тар. Ал жакынкы аралыкта каттала турганына сөз берди.

Эң көп окулган жаңылыктар