16:41
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек мэри үйбашылардын маянасын жогорулатууну убада кылды

Бишкек мэри Албек Ибраимов 2019-жылдан тартып үйбашылардын маянасын жогорулатууну убала кылды. Бул тууралуу ал, бүгүн Ленин районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

Жыйында үйбашылардын бири, буга чейин кала башчысы алардын маянасын жогорулатууну убада кылганын эске салды.

«Менин жогорку билимим бар. Бирок ден-соолугума байланыштуу кесибим боюнча иштей албайм. Маянам болсо өтө эле аз. Аны менен канча пенсия алаарымды деле билбейм», — деди ал.

Мэр жаңы жылдан тартып алардын маянасы жогорулай турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар