10:57
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Азиз Суракматов маршруттук бизнестин ээлерине карата талапты күчөтөт

Бишкектин мэри Азиз Суракматов маршруттук бизнестин ээлерине жана эл ташуучуларга карата талапты күчөтөт. Бул тууралуу шаар башчысы билдирди.

Маалыматка караганда, мэр маршруткалардын ишин тартипке салууну талап кылды.

«Жол кыймылынын эрежелерин сактабай, каалаган жерден жүргүнчүлөрдү марштурткага түшүрүп, салондорго элди жыйып алып айдаган көрүнүштөрдү тез арада токтотуу керек», — деди Азиз Суракматов.

Айтымында, шаар тургундарынан маршруттук таксилердин ишине карата арыздар көп келип жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби