20:31
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Азиз Суракматов: № 71 мектепти Бишкектин карамагына кайтарып алуу керек

№ 71 мектепти Бишкектин карамагына кайтарып алуу керек. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов Октябрь райондук орто билим берүү окуу жайларынын директорлору менен жолугушканда айтты.

2014-жылы мектепти интернат кылышкан. Ал жакта өлкөнүн ар тарабынан келген 200гө жакын окуучу билим алат.

Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманованын айтымында, 3 жыл мурун мектепти республикалык бюджеттин карамагына өткөрүү боюнча маселе каралган. Бирок, иш басаңдап калган.

Вице-мэр Татьяна Кузнецова аталган интернатта 12-кичи райондун окуучулары дагы билим алып жатканын кошумчалады. «Алардын аттестатында жетим балдардын интернатын бүтүрдү деп жазылат, бул туура эмес», -деди ал.

Азиз Суракматов мектепти шаарга кайтаруу керектигин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар