20:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мэр: Мен мөөнөтүм бүткөнчө иштейм жана Атамбаевдин командасында экенимди танбайм

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун кызматын тапшырып берүү ниети жок. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттерге билдирди.

«Республика- Ата Журт» фракциясынын калаа башчысынын отчётун канааттандырарлык эмес деп таап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылуусун мыйзамсыз көрүнүш катары баалады.

«Регламентте жана мыйзамда бул нерсе каралган эмес. Учурда биздин шаардык кеңеш Жогорку Кеңешти туурап жатат. Бирок шаардык кеңештин депутаттарынын принциптери жана жоопкерчилиги башкача. Мэрдин отчёту пландык иш чара. Мэр жана мэрия жаз сайын шаардык кеңештин алдында отчёт берип турат», — деди ал.

Кызматтан кетүүсү тууралуу имиштерге жооп берип жатып, Албек Ибраимов эч качан арыз жазбаганын билдирди.

«Мени шаардык кеңеш төрт жылга шайлаган. Мөөнөтүм аяктаганча иштейм. Мен Атамбаевдин командасында экенимди эч качан жашырган эмесмин. Бул маселеге шаардын жана шаар тургундарынын тиешеси жок. Мындай имиштердин жаралуусуна саясий процесстер себеп болот. Мындай абал элди Атамбаевдин кадрларын тазалап жатат деген ойго түртүп жатат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар