11:53
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандык жаштар шинкиокушинкай карате боюнча мелдеште 4 медаль утуп алышты

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн жаштар арасында шинкиокушинкай карате боюнча мелдеште 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу машыктыруучу Сергей Шевченко 24.kg агенттигине билдирди.
 

Айтымында, Талдыкорганда кыргыз жана казак спортчулары катышкан ачык биринчилик болуп өттү. Ага 200дөй жаштар катышты.

Данил Бородулин өз категориясында биринчиликти алып, мыкты техникасы үчүн байгеге ээ болду. Орозбек уулу Шамил дагы чемпиондук титулду жеңип алды. Нурмахамад Каниметов менен Диана Алисултанова 2-орунду багындырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби