Бишкекте бир нече жолу уурулук фактысына шектүү делген киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды.
Октябрь РИИБге борбордун 40 жаштагы тургуну 6-10-июль күндөрү батирине белгисиз бирөөлөр кирип, акча каражатын жана зер буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган тургуну И.А. кармалды.
Ал буга чейин бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынганы маалым болду.