16:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Интернет тармагында депутат Атазов менен Женгонун сүйлөшүүсү делген аудио тарады

Президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов өзүнүн Facebook баракчасында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов менен кримтөбөл Кадырбек Досоновдун (Женго) телефон аркылуу сүйлөшүүсү делген аудиону жарыялады.

Посттун автору депутатты популизмге айыптаган.

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тууралуу сүйлөгөн сөздөрү бар, анын баарын жеке өзүнүн алар менен байланышы бар экенин жашыруу максатында айтып келген. Мына, төмөндөгү «Дженго» менен сүйлөшүүсү — Атазовдун ОПГ менен байланышы бар экендигинин түздөн-түз далили. Депутаттар канча безилдебесин, тазалоо жүрүшү керек. Парламентте акыркы бандит жок болгондо гана өнүгүү жолуна багыт алат. Атазовго дагы чара көрүлүшү кажет», — деп жазган Нургазы Анаркулов.

Аудиодо өзүн Кадыр деп тааныштырган адам маектешине Шайлоо деп кайрылган. Ал болсо аны «ака» деп атаганын угууга болот. Диалог учурунда маектеши Шайлоодон уюшкан кылмыштуу топ тууралуу маселени көтөрбөөнү жана милициянын иштебей жаткандыгын айтпоону өтүнгөн.

«Меникин дагы уксаң керек. Жаш балдардын ызычуусу менен эле. Менин жанымда жүргөн шопур бала аралашып калган... Мен айылда тажияда жүргөм. Ошол жактан чакырышты... Шайлоо, ОПГ темасын көтөрбөй эле койгула. Бул мага эле таасир берип жатат», — деген болжолдуу түрдө Женго.

Ошондой эле ал өтүнүчүн Айбекке (Шайлообек Атазовдун кесиптеши Айбек Осмонов болушу мүмкүн) дагы айтып коюусун суранган. Шайлоо уюшкан кылмыштуу топтун темасын көтөрбөөгө макул болгон.

Белгилей кетсек, аудиодо айтылган окуя эки жыл мурда болгон. 2021-жылы 23-июлда Женгонун жансакчысы жана айдоочусу кармалганы кабарланган.

Депутат Шайлообек Атазов азырынча комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар