16:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Адам өлтүрүүгө аракет кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда жаранды автоунаанын айнегинен атып кетишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалматка ылайык 30-августка караган түнү Daewoo Nexia унаасынын жүргүнчүсүнө белгисиз адамдар бир нече жолу ок атышкан. Жабырлануучу облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары Сузак районунун тургуну, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал мындан ары уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдобой, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого сөз берди.

Бул кылмыш ишине шектүү катары буга чейин дагы Сузак районунун 3 тургуну кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар