16:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент уюшкан кылмыштуу топтун өлкөдөгү ишмердүүлүгү боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Камчы Көлбаевдин жок кылынышы жана уюшкан кылмыштуу топтун өлкөдөгү ишмердүүлүгү боюнча комментарий берди.

Ал өнүккөн өлкөлөрдө кримдүйнө деген түшүнүк жок экенин, алар ошондуктан өнүгүп жатышкандыгын белгиледи.

«Криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз», — деп айтты Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин жок кылынышы боюнча аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар