17:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кара-Сууда ири суммага алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда ири суммадагы алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жабырлануучу арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 24-декабрында Кара-Суу районунун аймагында өзүн Султан деп тааныштырган жаран «Корея өлкөсүнөн алынып келинген унаалардын иш кагаздарын бүтүрүп берем» деген шылтоо менен 9 миң долларын алып, изин жашырып кеткендигин билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Алдамчылык менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда бири нече жолу соттолгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, камакка алынды.

Учурда анын башка кылмыш иштерине тиешесин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштер жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар